ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Капиталдык курулуш башкармалыгынын милдетин аткаруучу биринчи көчмө жыйынын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын милдетин аткаруучу Султанбек Усенов калаа жолдоруна жол белгилерин түшүрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Жол белгилерин түшүрүү иштери 2015-жылдын 1-июнунда башталып, график боюнча түнкүсүн жүргүзүлүүдө.


Көчмө жыйындын жүрүшүндө аталган иштин бөдрөтчүсү  “Максат” ЖЧК фирмасынын башкы директору Максат Жоошбеков  түшүрүлгөн жол белгилеринин сапаттуулун айтып, график боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.


“Иштин жүрүшүндө катталган бардык кемчиликтер четтетилет. Жол белгилери үчүн бардык стандарттарга жооп берген Россия өндүргөн АК-511 үлгүсүндөгү  боёк колдонулат”,-деди Максат Жоошбеков.
Ошондой эле, быйыл жол белгилери эки ирет жаңыланат.


Башкармалыктын башчысы шаар тургундары тарабынан сындалып жаткан объектилер менен таанышты.


Көчмө жыйындын жыйынтыгында Султанбек Усенов жеке фирманын жетекчисине үч күндүн ичинде кемчиликтерди оңдоо тапшырмасын берди.

 

Перечень улиц, подлежащих к нанесению дорожной разметки