Бишкек шаарынын мэриясы «Баланын үй-бүлөдө жашоо укугу» улуттук форумуна катышты
- Подробности
- Опубликовано 04.06.2015 15:15
Бишкек шаарында «Баланын үй-бүлөдө жашоого укугу: жыйынтыктоо жана приоритеттүү багыттарды аныктоо» Улуттук форуму болуп өттү.
Аталган форумга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова катышты.
Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык тармактагы балдарды кароо системасын реформалоого багытталган кызматты андан ары жакшыртуу боюнча ою менен бөлүштү. Бул темада доклад менен КРнын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева чыкты.
Ошондой эле, форумдун катышуучуларына турмуштун татаал окуяларына учураган балдардын бир мүнөттүк видеороликтери көрсөтүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев, Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Ички иштер министри Мелис Турганбаев катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
06.12.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |