ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Ак-Бата конкушунда турак үйдү түрттүрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти «Ак-Бата» жаңы конушундагы турак үйдү буздурду.

Бүгүнкү күнгө чейин бузууга короо тосмолору,  дүкөндөр жана башка курулуштар дуушар болгон. Быйылкы жылы бул үй биринчилерден буздурулду.


Жеке турак жай куруу департаментинин билдирүүсү боюнча, 8 х 10 метр өлчөмүндөгү үй 2009-жылы жасалма документтердин негизинде курулган. Аталган фактыларга таянып, департаменттин кызматкерлери үйдүн ээсине үстүбүздөгү жылдын апрель жана май айларында эки ирет бузуу тууралуу эскертүү жөнөтүшкөн. Жыйынтыгында үй ээси Жарашбеков Чолпонбек бузууга дооматым жок деп өз ыктыяры менен арыз жазган. Ал үйдө батирде жашап жаткан адамдар 2015-жылдын июнь айында бошотушкан. Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин техникалык көзөмөлүнүн башчысынын айтуусунда, план боюнча буздурулган үйдүн ордунда коомдук транспорт токтоочу жай болушу керек.