ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык жерди басып алуу фактысын аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин кезектеги текшерүүсүндѳ Щербаков – Манас кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде белгисиз бирѳѳлѳр тарабынан муниципалдык жерди басып алуу фактысы аныкталды.

Басып алынган жерге таш, шагыл, кум түшүрүлгѳн.


Департамент Биринчи май райондук администрациясы менен биргеликте 7 жер тилкесин инерттүү материалдардан тазалоо жолу менен бузууларды четтетти.


Эскерте кетсек, аталган басып алынган жерде 2012-жылы Департамент тарабынан 14 курулуш түрттүрүлгѳн.