ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чараларды өткөрдү

Свердлов райондук администрациясы Каражыгач токоюнда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага жетим балдар, кароосуз калган балдардын мекемелеринин тарбиялануучулары, Республикалык угуусу начар балдар мектебинин окуучулары, аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдары чакырылды.


Жалпысынан 1200 бала катышты. Алар үчүн райондун чыгармачылык борборунан концерттик программа, спорттук иш-чаралар, бий конкурстары, асфальтка сүрөт тартуу уюштурулду.


Райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттосунда турган 400 аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдарына материалдык жардамдар көрсөтүлдү, ошондой эле, балмуздактар, суусундуктар таратылды.


Балдар үйүнө Свердлов райондук администрациясы электр меш жана эт туурагыч машинасын белек кылды.


Бул күнү 200 бала Кыргыз Мамлекеттик циркине барышты. Көрсөтүүлөрдөн балдар ырахат алышты.