Мэрия эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган спорттук иш-чараларды өткөрдү
- Подробности
- Опубликовано 02.06.2015 09:08
Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаардык Дене тарбия жана спорт комитети Балдарды коргоо күнүнүн алкагында эски аянтта спорттук иш-чараларды өткөрдү.
Шаар тургундары менен кошо спортчулардын оюндарын көрүүгө Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова келди.
Спортчулар келген коноктор үчүн спорттук аэробика, көркөм жана спорттук гимнастика, таэквондо, будо-каратэ, ушу, бокс, кулатуу, дзюдо жана самбо боюнча көрсөтмөлөрүн тартуулашты.
Ошондой эле, ордо, кичи теннис, шахмат, тогуз коргоол, армрестлинг, «Көӊүлдүү старт» оюну, аркан тартуу, , streetworkout, стритбол жана кичинекей балдар үчүн жеӊил атлетика боюнча биринчиликтер өттү.
Иш-чаранын аягында активдүү катышуучулар жана мелдештин жеӊүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
11.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |