ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май акимиаты Эл аралык балдарды коргоо күнүн белгиледи

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алкагында Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драм театрында райондук майрамдык иш-чара өткөрдү.

Райондук иш-чарага аз камсыздалган үйбүлөлөрдүн балдары, райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын катоосунда турган  жалпысынан 600 бала чакырылды.


Чакырылган балдарга майрамдык концерт тартууланып, райондук администрациясынын башчысынан канцелярдык буюмдар жана таттуулар таратылды.


Майрамга райондук бюджеттен 400 миң сомдон ашык каражат коротулду.