Ленин райондук администрациясы балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктады
- Подробности
- Опубликовано 28.05.2015 17:50
Ленин райондук администрациясы жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Ленин районунун балдар чыгармачылык борборунун катышуусу менен келе жаткан Балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чара өткөрдү.
Балдар майрамы «Фламинго» сейил багында өттү. Майрамдык иш-чарага 700 дөн ашык, анын ичинде 600 – муктаж болгон үй-бүлөлөрдөн балдар катышты.
Кичинекей шаар тургундары үчүн майрамдык программа, спорттук иш-чара, акысыз аттракциондор, бекер балмуздак, белектер жана суусундар таратылды.
Балдарды келе жаткан майрамы менен вице-мэр куттуктады.
«Балдар – биздин келечегибиз, ошондуктан биздин өлкөбүздү жана сүйүктүү Бишкек шаарыбызды мындан ары силер курасыңар. Ал эми биз чоң адамдар өз кезегибизде силердин балалыгыңар шаңдуу жана шайыр болушуна аракет кылабыз»,- деди Айгүл Рыскулова.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
18.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |