Калаада Махатма Ганди көчөсүн кайра куруу иштери башталды
Үстүбүздөгү жылдын 28-майынан тартып Махатма Ганди көчөсүн кайра куруу иштерине байланыштуу Жибек-Жолу көчөсүнөн «Баят» базарына чейин унаа жолу жабылат.
29-майда атайын техника айдалып келип, куруу иштери башталат.
Шаар мэриясы ыңгайсыздыктарды жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана унаа жолдорунда тыгындыларды болтурбоо үчүн алдын - ала альтернативдүү каттамдарды тандооңуздарды суранат.
Эскерте кетсек, быйылкы жылы кайра куруу иштери калаанын үч: Махатма Ганди, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө Кытай мамлекетинин 44,6 млн юаньды түзгөн грантынын эсебинен жүргүзүлөт.
Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко жана Ленин районунун акими Аскар уулу Мирлан катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |