ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын мектептеринде окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт

2015-жылдын 29-майда саат 9.00до Бишкек шаарынын мектептеринде окуу жылынын аякташына жана “Акыркы коңгуроого” арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана райондук  билим берүү борборлору тарабынан адистердин күнү-түнү кезмет уюштурулат. Жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору жана укук коргоо органдарынын райондук кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте иш-чара учурунда тартипти сактоону камсыздайт. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөргө жана ата-энелерге иш-чараны өткөрүү учурундагы коопсуздук эрежелери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.


Бул жылы калаанын мектептеринен 11-класстардан 4864 бүтүрүүчү жана 9-класстан 9340 бүтүрүүчү бүтөт.