ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов Кувейт мамлекетинин өкүлдөрү менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Кувейт мамлекетинин өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда Бишкек шаары тууралуу маалымат берилип, эки тараптын кызматташуусу талкууланды.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаар тууралуу маалымат берип, көйгөйлөр жана жетишкендиктер тууралуу айтып берди.


«Бишкек жаш жана өнүгүп келе жаткан шаар. Албетте көйгөйлөр бар. Жолдорду оңдоо, жарыктандыруу жана башка. Биз өнүгүүнүн программасын иштеп чыктык жана анын үстүнөн иш алып баруудабыз.»,-деди мэр Кубанычбек Кулматов.


Кувейттин эмиринин жеке өкүлү, Кувейт мамлекетинин Эль-Кувейт шаарынын муниципалдык кеңешинин төрагасы Мухальхил Насер аль-Халид калаа башчысынын жылуу мамилесине ыраазычылык билдирип, кыргыз элинин меймандостугун да баалап өттү. Ошондой эле, калаага ар кандай ишканаларды ачуу, кызматташууну белгиледи.


«Бизди кабыл алгандыгыңызга ыраазычылык билдирем. Кыргыз эли меймандос, сыйчыл келишет. Мага сиздин мамлекетиңиз жагат. Ал эми бүгүнкү жолугушууда эки тараптын  кызматташуусу бекемдейт деген ишеничтемин. Бишекке ар кандай ишканаларды куруу ниетибиз бар»,-деп белгиледи Мухальхил Насер аль-Халид.


Жолугушууга Кувейттин эмиринин жеке өкүлү, Кувейт мамлекетинин Эль-Кувейт шаарынын муниципалдык кеңешинин төрагасы Мухальхил Насер аль-Халид, Бизнес өкүлү Ахмед Альшайе жана катчысы Абдулазиз Месир, Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Кочконов Казыбек катышты.