ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун башчысы сүйлөөсү бузулган балдар үчүн адистештирилген мектепке чейинки мекемеге баш бакты

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов №134 Атайы мектепке чейинки билим берүү уюмунун  сүйлөөсү бузулган балдар үчүн адистештирилген мектепке чейинки мекеменин тарбиялануучулары менен жолукту.

Район башчысы 157 бала тарбияланып жаткан мекеменин абалы жана жашоо шарты менен таанышты.


Мекеменин директору Тахмина Мамыралиева  администрацияга мекемеге бийик дубал орнотуп берүүсүн суранды.


Район башчысы жакынкы аралыкта дубал орнотуунун мүмкүнчүлүктөрүн карап, бул көйгөйдү чечип берерин белгиледи.


Бул мекеме Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов акыркы эки айда баш баккан үчүнчү адистештирилген мектепке чейинки мекеме.

Анын айтымында, райондук администрация тарабынан адистештирилген мекемелерге көңүл буруу өтө маанилүү.