ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Ауэзов көчөсүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Көчмө жыйынга Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дүйшембиев, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, транспорт министрлигинин өкүлдөрү жана «China Road» кытай компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Премьер-министр Темир Сариев жолдордун сапатына көңүл бурууну белгиледи. Мындан тышкары, техникалардын жоктугу тууралуу эскертүүлөрдү берди.
    
«China Road» компаниясынын өкүлдөрү бүгүн техникалардын келе тургандыгын белгилешти.


Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаровдун айтуусу боюнча, Махатма Ганди көчөсү 2015-жылдын 28-майында жолдорду кайрадан куруу иштерине байланыштуу жабылат.


Эскерте кетсек, бул жылы Кытай Республикасынын грантынын эсебинен  үч көчөнү кайрадан куруу иштери жүргүзүлөт: Махатма Ганди, Ауэзова, Жукеев-Пудовкин. Грант 44,6 млн.юанды түзөт.


Ошондой эле, бүгүнкү күндө Ибраимов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 69 млн. сом каражат бөлүнгөн.