Калаанын айрым райондорунда таза суу берилбейт
- Подробности
- Опубликовано 21.05.2015 12:07
Үстүбүздөгү жылдын 22-майында саат 9.00дон 18.00го чейин калаанын айрым райондорунда таза суу берилбейт.
“Бишкексууканал” башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Д=1000 мм муздак суу менен камсыздоочу суу алгычынын оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү конуштарда таза суу берилбейт: “Арча-Бешик” Жайыл Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы, “Ак-Өргө” Ак-Шоокум көчөсү, “Ак-Ордо” Безымянная көчөсү, «Достук», «Орок», «Төмөнкү Орок», «Жогорку Орок», «Селекционное», ошондой эле, “Орок” конушундагы №90 орто мектеби, “Арча-Бешик” конушундагы №12 ҮМБ жана №93 орто мектеби.
“Бишкексууканал” башкармалыгы шаар тургундарынан ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана мекеме, уюмдарды таза суу камдап алууну суранат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
17.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |