Бишкек шаарынын сууда сүзүү боюнча курама командасы Баку шаарында 9 медалга ээ болду
- Подробности
- Опубликовано 19.05.2015 16:35
Бишкек шаарынын сууда сүзүү боюнча курама командасы Гейдар Алиевдин 92 жылдыгына арналган сууда сүзүү боюнча Эл аралык турнирде 9 медаль утту.
Аталган турнир Баку (Азербайжан) шаарында 2-майдан 9-майга чейин өткөрүлгөн.
Алтын медалдарды: Артем Камарда - 50 метр аралыгын эркин сүзүү стилинде 24,80 секунд ичинде; 2 алтын медалды – Султан Букеев (200 метрди жана 400 метрди комплекстүү сүзүү). Мындан тышкары, Букеев 2 күмүш медаль утуп алган (200 жана 100 метрди брасс менен).
2 күмүш – Екатерина Тарева (400 метр эркин сүзүү, 200 метр эркин сүзүү).
Коло медалдарды: Любовь Шевченко (400 метр эркин сүзүү), Темирлан Каратаев (50 метр баттерфляй), Артем Камарда (100 м эркин сүзүү) утуп алду.
Бардык катышуучулар «Дельфин» Адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн спорт боюнча олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары болуп эсептелет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |