ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Алтынай Өмүрбекова калаанын санитардык тазалыгын текшерди

Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу  Алтынай Өмүрбекова калаанын санитардык тазалыгы жана көрктөндүрүү иштери боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Текшерүү ишембиликтин үч айлыгынын алкагында өткөрүлдү.


Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар тургундары тарабынан таштандылар таштанды контейнерине  эмес, анын айланасына башаламан ташталып жаткандыгы аныкталды. Ошондой эле, ар бир райондун айрым мекеме, уюмдардын ишембиликке катышпагандыгы белгилүү болду.


Вице-мэринин милдетин аткаруучу  Алтынай Өмүрбекова райондук администрациялардын башчыларына жана шаардык түзүмдүк бөлүмдөргө калаанын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү тапшырмаларын берди.