ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри турак үйлөрдү текшерүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков турак үйлөрдөгү суткалык мейманкана катары колдонулуп жаткандыгын текшерүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

“Райондук администрацияга жана укук коргоо органдарына жашоочулар тарабынан турак үйлөр мейманкана катары берилип жаткандыгы тууралуу арыздар түшүүдө. Бул батирлерде дайыма тынчтык сакталбай, коңшуларын тынчтык бербей келет. Бул маселе жакынкы аралыкта чечилет деген үмүттөмүн”,-деди биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков.


Жума күнү соту өткөрүлүшү керек. Андан кийин Чыгыш-5 кичи районундагы №19 үйдүн маселеси чечилет.


Биринчи вице-мэрдин айтуусу боюнча, эгерде сот мэриянын пайдасына чечсе, №19 үйдүн жашоочуларына мейманкана катары берүүгө тыйуу салынат.


Жыйынга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана райондук администрациялардын кызматкерлери катышты.