ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясы “Салкын-Төр” ресторанында баатыр энелерге жана көп балалуу энелердин урматына Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага 106 эне чакырылды. Алардын ичинен төрт эмди жарыкка алып келген  2 эне, үч эмди төрөгөн 3 эне, 18 көп балалуу энелер жана 83 баатыр энелер.


Энелерди майрамы менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Дамира Ниязалиева, Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Татьяна Кузнецова куттуктады.


Энелердин урматына кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа тартууланып, гүлдөр жана белектер тапшырылды.


Маалымат: Октябрь районунун каттосунда “Баатыр Эне” жана “Эне Даңкы” ордендери менен сыйланган 83 эне, көп балалуу 18 эне, ошондой эле, үч эмди төрөгөн 3 эне жана төрт эмди жарыкка алып келген 2 эне каттоодо турат. Жыл бою көп балалуу үйбүлөлөргө Октябрь райондук администрациясы жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы көңүл буруп келет. Жашы жете элек балдарына Балдарды коргоо күнүндө жана Жаңы жылда белектер берилет. Аз камсыздалган үйбүлөлөр мамлекеттик жөлөкпул жана социалдык стипендия алышат.