ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун башчысы Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жүрүп жаткан оӊдоо иштери менен таанышты

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов Жукеев-Пудовкин көчөсүн кайра куруу боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Шаар мэриясынын буйругу менен Жукеев-Пудовкин көчөсүн кайра куруу жана оӊдоо иштеринин алкагында Октябрь райондук администрациясы шаардык кызматтар менен биргеликте комиссиялык жыйын өткөрдү.  


Жыйын учурунда оӊдоо иштерине жолтоо болуп жаткан уруксатсыз орнотулган жеӊил типтеги объектилер, соода объектилери жана ар кандай түрдөгү кызматтар ачыкка чыгарылды.


Ошондой эле,  мыйзамсыз түрдө соода түйүндөрүнүн чегин тротуарга чейин кеӊейтип, жөө жүргөндөргө тоскоол болуп жаткан бир канча фактылар катталган.


Көчмө жыйынга Капиталдык курулуш башкармалыгынын, Муниципалдык менчик башкармалыгынын, Бишкекбашархитектуранын өкүлдөрү жана аталган көчөнүн оӊдоо иштерин жүргүзүп жаткан «China Road» бөдрөтчү-компаниясынын өкүлү катышты.


Октябрь райондук администрациясынын башчысы жол боюна уруксатсыз орнотулган жана мыйзамсыз кеӊейтилген соода түйүндөрү жана имараттар жакын арада алынарын белгиледи.