ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы “Энелер күнүн” белгилейт

2015-жылдын 14-15-майларында Бишкек шаарынын мэриясы Энелер күнүнө арналган иш-чараларды өткөрөт.

Октябрь райондук администрациясы 92 “Баатыр Эне” жана “Эне Даңкы” наамынын ээлерине арналган райондук иш-чараны 14-майда саат 11.00до  “Салкын-Төр” ресторанында өткөрөт.


Ленин районунда 15-майда “Баатыр Эне” жана “Эне Даңкы” наамын алган 143 аялдын катышуусунда майрамдык иш-чара өткөрүлөт.


Свердлов райондук администрациясы 15-майда саат 12.00до 160 “Баатыр Эне” жана “Эне Даңкы” наамын алган айымдарга арналган райондук иш-чара өткөрөт.


Биринчи май райондук администрациясы 15-майда саат 14.00до тарых музейинде  “Баатыр Эне” жана “Эне Даңкы” наамын алган 160 аялдын катышуусунда майрамдык иш-чара өткөрөт.


Ардактуу конокторду райондук администрациялардын өкүлдөрү жана мэриянын кызматкерлери куттуктайт.