Калаада мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү уланууда
- Подробности
- Опубликовано 13.05.2015 15:54
Бишкек шаарынын мэриянын Жеке турак - жай куруу департаменти тарабынан “Ала-Тоо” конушунда тиешелүү уруксат документтерисиз муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеңейтип алуу фактысы аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ала-Тоо көчөсү, №61,75,126 жана Көк-Талаа көчөсү, №37,37а даректеринин жашоочулары “Шааркуруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамын бузгандыгы катталды.
Департамент тарабынан эскертүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Азыркы учурда 7 курулуш, 3 дубал, 1 тосмо, 1 чарбалык курулуш, дүкөн жана чач-тарач ээлери өз ыктыяры менен түртүрүп, жер тилкесин баштапкы абалга келтирилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
17.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |