Калаада кызылча жана кызамыкка каршы Улуттук кампаниянын II этабы башталды
12-майдан 15-майга чейин калаада кызылча жана кызамыкка каршы 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды эмдөө боюнча Улуттук кампаниянын II этабы өткөрүлөт.
Эпидемиялык абалды турукташтыруу үчүн кызамык жана кызылчага каршы Улуттук эмдөө жүргүзүлөт.
12-майда №6-шаардык ҮМБда медицина кызматкерлери менен Октябрь районунун мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары, ата-энелик коомчулук, Саламаттык сактоо департаменти жана райондук администрациянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
№6-ҮМБнын директору жана адистер 1 жаштан 6 жашка чейин кызылча жана кызамыкка каршы Улуттук кампаниянын II этабы жөнүндө кененирээк маалымат беришти.
Медицина кызматкерлери мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары жана ата-энелерге эмдөө жүргүзүүгө активдүү катышуусун суранышты.
Эскерте кетсек, 7ден 20 жашка чейинки жарандарга, саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине кызылча жана кызамыкка каршы Улуттук кампаниянын I этабы 16-марттан 28-мартка чейин өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |