Жай жашыл болуусу үчүн!
- Подробности
- Опубликовано 13.05.2015 14:20
Бишкек шаарынын мэриясы пресс-борборунда “Жай жашыл болуусу үчүн” пресс-конференциясы өткөрүлдү.
Журналисттердин суроолоруна “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер жана “Фермер” Ассоциациясынын төрагасы Алексей Ведене жооп берди.
Шаарды жашылдандыруу боюнча жыл башынан бери өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы айтылып, журналисттер тарабынан жаңы мезгилге даярдыктар тууралуу суроолор берилди.
“Бишкектин көчөлөрүнө жыл башынан бери 874 ийне жалбырактуу, 3561 жалбырактуу, 187 бадал жана 8754 жандуу тосмо көчөттөрү отургузулду”,-деди Сергей Кравер.
Анын айтымында, отургузулган көчөттөрдү сугаруу аба-ырайына жараша болот. Болжол менен 2015-жылдын 1-июнунан тарта сугаруу иштери башталат.
“Фермер” Ассоциациясынын кызматкерлери “Жашылдандыруу” МИсы колдонгон “Надежда” жер семирткичи тууралуу маалымат берип өттү.
Пресс-конференциянын аягында журналисттер үчүн шаардын жашыл көчөттөрү боюнча пресс-тур өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
17.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |