ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Ленинград блокадачыларына арналган митинг-реквием өткөрдү

Октябрь райондук администрациясы Советтер Союзунун баатыры Д.Асанов атындагы паркында Ленинград блокадачыларынын жана алардын бошолушунун урматына  митинг-реквием өткөрдү.

Иш-чарага блокадачылардын жакындары, согуш учурунда Ленинграддан Кыргызстанга эвакуацияланып келгендер, ошондой эле, Россия Федерациясынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Октябрь райондук администрациясынын башчылары жана башкалар катышты.


Митинг-реквием блокадачыларга атайын белектерди тапшыруу жана концерттик программа менен аяктады.


Октябрь райондук администрациясы мыйзамда каралган төлөмдөрдөн тышкары, майрамдын урматына бардык согуштун катышуучуларына, тылда иштегендерге, согушта курман болгондордун үйбүлөлөрүнө 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин акчалай жардамдар көрсөттү.