ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарында мэриянын колдоосу менен «Жеӊиш вальсы» өттү

Калаа мэриясынын колдоосу менен Жеӊиш аянтында «Евразиялыктар-жаӊы толкуну» фонду тарабынан уюштурулган «Жеӊиш вальсы» майрамдык иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чара «Биргеликте жетишкен жеӊиш» эл аралык жаштар форумунун алкагында өтүп, ага калаанын жогорку окуу жайларынын студенттери жана мектеп окуучулары катышып,  аталардын көрсөткөн эрдигине таазим катары  «Рахмат» жана «Жеӊиш» деген сөздөрдү тизишти. Ошондой эле,  келген жаштар аскер ырларын аткарышты.


Бишкек шаарынын мэриясынын  Свердлов райондук администрациясынын башчысы Айнагүл Чылабаева куттуктоо сөзүн айтты.


«Урматтуу достор! Өлкөбүздө өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын ичинен жаштар менен бирге болуу өтө жагымдуу. Анткени, бул иш-чаралар өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка, мекенин, өз элин сүйүүгө тарбиялайт. Сиздерди майрамыӊыздар менен куттуктайм. Ачык асман, кеӊ келечек жана ар дайым мекендин патриоту болууӊарды каалайм!»,-деди Айнагүл Чылабаева.


Фонддун президенти Юрий Ануфриев шаар мэриясына иш-чараны уюштурууда активдүү көмөк жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул майрамдык салтанат төрт жыл катары менен өткөрүлүп, Улуу Ата-Мекендик согуш жөнүндө жалпы тарых барактарынын сакталышына, жаштардын патриоттук сезимин тарбиялоодо жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилелеринин чыӊдашына жакшы жөрөлгө болуп жаткандыгын белгиледи.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаганда, бардык катышуучулар өчпөс отко гүлдөрдү коюп, курман болгон жоокерлердин элесин эскеришти.
 
Аталган иш-чарага Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, Кыргыз Республикасындагы Россиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько жана Кыргыз Республикасындагы Белоруссиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Виктор Денисенко катышты.