ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы ШААР ТУРГУНДАРЫН БОРБОРДУ САНИТАРДЫК ТАЗАЛОО, ЖАКШЫРТУУ ЖАНА ЖАШЫЛДАНДЫРУУ МАКСАТЫНДА “БИЗ ТАЗА БИШКЕК ҮЧҮН!” СЫНАГЫНА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАТ

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын санитардык тазалыгын жакшыртуу жана жашылдандыруу максатында “Биз таза Бишкек үчүн!” сынагын жарыялайт.

Сынакка муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер, үй ээлеринин шериктештиги, “Тазалык” МИнин кызматкерлери катышат.


Иш-чара шаардын санитардык абалын жакшыртуу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө. Бул убакыт ичинде Бишкек шаарынын санитардык абалын жакшыртууга бардык муниципалдык аймактык башкармалыктар, шаар тургундары катышат.


Сынактын жеңүүчүлөрү өзгөчө сыйлыктарга ээ болушат.


Аталган сынактын жыйынтыгы 2015-жылдын 1-июлунда белгилүү болот.