ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаага Казакстан Республикасынан Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери менен делегация келди

Калаага Казакстан Республикасынан Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлер делегациясы үч күндүк иш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков жана шаардык кеңештин депутаттарынын коноктор менен жолугушуусу өткөрүлдү.


“Биз учүн биздин шаарда сиздерди тосуу сыймык. Биз сиздерге шаарыбыз тууралуу жакшы элестер калышы үчүн  жогорку шарттарды түзүүгө аракет кылдык. Эгерде кошумча каалоолор болсо, биз аларды аткарууга даярбыз. Жеңиш үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз”,-деди биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков.


Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов делегациянын маанилүүлүгүн белгиледи. “Биз үчүн сиздерди тосуп алуу эң ардактуу. Сиздер бизге дайыма үлгү болуп келесиздер. Биз сиздердин эрдигиңиздерди унутпайбыз!”.


Кезегинде Казакстан Республикасынын генералы Сейиткасым Абдрахманов казак кыргыз бир тууган экенин белгиледи.


“Кыйынчылыктарга карабастан биз бирге болушубуз керек. Анткени, биз бир туугандарбыз. Сиздер, жаш муундар Мекен-бир экенин эсиңиздерден чыгарбаңыздар!”-деди генерал.


Ардагер Слямхан Жапарханов кыргыз тарап жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Биз үчүн полчандарыбыз менен жолугушуу, баарлашуу жагымдуу. Ал жылдары биз Фрунзеде болгонбуз. Бир канча убакты өткөндөн кийин кайрадан Бишкекке келип жатканыбызга абдан кубанычтабыз”,-деди ардагер.


12 адамдан турган делегацияны Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттин эсебинен тосту. Делегациянын мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн тез жардам унаасы бекитилди.