ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада эмгек күнү белгиленди

1-майда калаанын “Ала-Тоо” аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгына арналган  “Тынчтык-2015” жеңил атлетикалык чуркоо өткөрүлдү.

Спорттук иш-чарага спорттун ардагерлери, ошондой эле, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, эл аралык спорт чеберлери, москва марафонундагы алтын медалдын ээси Петр Чесноков, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, окуучулар, студенттер, мэриянын кызматкерлери жана спорт күйөрмандары катышты.


Чуркоонун алдында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов сүйлөп, кыргызстандыктардын эрдиктери жөнүндө эскертип өттү. “Биз Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргыз баатырларын унутпайбыз. Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Ташмамат Жумабаев, Базарбек Тилекматов жана көптөгөн башка баатырлар. Биз алардын эрдигин дайым эстейбиз жана бүгүнкү жеңил атлетикалык чуркоо баатырларыбызга арналат”,-деди калаа башчысы.


 Ошондой эле, чуркоонун алдында жолдомо сөзү менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Петр Чесноков: “ Урамттуу достор! Спорт-бул жашоо, жана анда жигердүү жашоо керек. Мен 92 жашымда  спорт менен машыгууну токтото элекмин. Сиздерге спорт менен достошууну каалайм!”-деди.


Жалпысынан 9 старт болуп, 5 жаштан 9 жашка чейинки кичинекей бишкектиктер, ошондой эле, ардагерлер,  спорт күйөрмандары, Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Бишкек шаардык кеңеши, райондук администрациялар, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, мектеп окуучулары катышты. Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын белектери менен сыйланды.


Мелдеш  “Спорттук шаар –сергек калк!” урааны менен өткөрүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгына арналды.