ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунун окуучулары “Эскерүү шамы” жүрүшүн уюштурду

Бишкекте Октябрь районунун окуучулары тарабынан уюштурулган “Эскерүү шамы” жүрүшү өткөрүлдү.

Аталган акция Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгына арналды. Жүрүш Эмен багынан башталып, Д.Асанов атындагы жеңиш паркына чейин уланды. Иш-чарага 400 дөй окуучу катышты.


Акцияны ишке ашырган №14 мектеп-гимназиясынын окуу тарбия завочу Анара Кутуева,  акция Жеңиш күндүн урматына өткөрүлүп, жаштарды патриоттук сезимге тарбиялоо максатында өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.


Балдар эргүү менен акцияга катышып, жүрүштүн аягында ардагерлерге даңк монументинин алдында митинг-реквием уюштурулду. Келген согуштун ардагерлерине ыраазычылык билдиришип, каалоо-тилектер айтылды. Акция монументке гүл чамбар коюу менен жыйынтыкталды.


Аталган акцияга Октябрь районунун Билим берүү борборунун директору Евгения Строкова, Мамлекеттик чек ара кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Сталбек Асакеев, согуштун ардагери  Анатолий Филиппов, мугалимдер жана № 14", № 3,  № 56 мектептин директорлору катышты.