ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов “Эстейбиз. Унутпайбыз” акциясына катышты

Кыргыз Юридикалык академиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте 6-кичи районунун Кайың токоюнда Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдыгына арналган “Эстейбиз. Унутпайбыз” акциясы өткөрдү.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышуучуларды Жеңиш майрамы менен куттуктады.


“Урматтуу катышуучулар! Ардактуу ардагерлер! Сиздерди Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалайм”,-деди Кубанычбек Кулматов.


Кезегинде фронтовик-ардагер Анна Натальченко иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, тынчтык жана бакубат жашоо каалады.


“Ардагерлердин атынан көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Мындай иш-чаралар биздин жашообузду улантат. Сиздер бар үчүн Бишкек жана Кыргызстан өнүгөт деген үмүттөбүз”,-деди Анна Натальченко.


Иш-чарага калаанын бардык райондорунун ардагерлери  катышты. Алар үчүн концерт уюштурулуп, согуш ырлары окулду. Ошондой эле, акциянын алкагында токойдун аймагына “Жашылдандыруу” МИ тарабынан 70 көчөт отургузулду.

Белгинегендей, кийинки акцияны Кыргыз-Турк “Манас” университети өткөрөт.


Иш-чаранын соңунда ардагерлер үчүн даярдалган белектер тапшырылды.

Аталган акцияга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Бишкек шаардык кеңешинин СДКП фракциясынын жетекчиси Алмаз Кененбаев, ардагерлер, “Жашылдандыруу” МИнын кызматкерлери, Кыргыз Юридикалык академиясынын студенттери, окуучулар жана Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов катышты.