ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясынын башчысы жашоочулар менен жолукту

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов Октябрь районунун тургундары менен жолукту.

Кезектеги жолугушуу №39 мектеп-гимназиясында өткөрүлдү.


Жолугушууга райондун тургундары, активисттери болуп, болжол менен жүздөй адам чогулду. Райондук тузүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кыскача отчету менен башталды. Алдыга койгон иштер, пландар тууралуу айтылып, суроолорго жооптор берилди.


Мурдагы жолугушуулардай эле көчөнү жарыктандыруу, суугат мезгилине арыктарды даярдоо, жолдорду оңдоо жана укук коргоо органдарынын иштери талкууланды.


Жашоочулардын көпчүлүгү аткарылбаган иштер аткарылат деген үмүттө экенин билдирип, акимге ыраазычылык билдиришип, ишине ийгилик каалады.


Кезегинде Болот Алымкулов жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгиледи.


“Бир нече жолугушуулардан кийин райондун курч көйгөйлөрү аныкталып, алардын үстүндө иш алып баруудабыз. Мисалга алсак, мыйзамсыз соода түйүндөрү, повильондор жана башка башаламан соода иштери  менен күрөшүп жатабыз”,-деди Болот Алымкулов.


Октябрь райондук администрациясынын башчысы мындай жолугушуулар тез-тезден өткөрүлөрүн белгиледи.