ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Улуттук Кыргыз Бийи “Кара - Жорго” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Сейтек” Улуттук балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунда Бишкек шаарынын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын Улуттук Кыргыз Бийи “Кара - Жорго” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө арналган жабылыш аземи өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова ачып, жеңүүчүлөрдү куттуктады.


“Урматтуу балдар! Биздин балдар маданиятты билүүгө милдеттүү. Бул конкурсту салтка айлантышыбыз керек. Анткени, таланттуу балдардын өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничтемин”,-деди Сауле Мейрманова.


Сынак мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын таланттарын ачуу, аларды ар тараптан колдоо, көркөм жана эстетикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, маданияттын байлыгы болгон Кыргыз бийи “Кара-Жоргону” кеңири жайылтуу максатында өткөрүлдү.


Аталган сынактын төмөнкү жеңүүчүлөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын дипломдору жана сертификаттары менен сыйланышты.  


1-орун - №72 мектеп гимназиясы, №148 мектепке чейинки билим берүү уюму жана №84 окуу мектебине 30 миң сомдук музыкалык аппарат сертификаты тапшырылды.


2-орун - №1 мектепке чейинки билим берүү уюму, №69 окуу-тарбиялык гимназиясы жана №141 мектепке чейинки билим берүү уюмуна диплом жана 20 миң сомдук музыкалык аппарат сертификаты ыйгарылды.

 

Ал эми 3-орунду- №100 мектепке чейинки билим берүү уюму жана №93 орто мектебине 6000 сомдук музыкалык аппараттын сертификаты тапшырылды.


Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сайрагүл Атаева, Маданият башкармалыгынын башчысы М.Ракишев, Бишкек шаарынын акимчиликтеринин орун басарлары, мектептердин директорлору, ата-энелер жана окуучулар катышты.