Свердлов районун аймагында жайгашкан соода-базар комплекстеринде өрт кырсыктарын алдын-алуу жана болтурбоо максатында, Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясында “Жумушчу комиссия түзүү жөнүндө” буйругу кабыл алынган.
23-февралдан 1-мартка чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Колл-борборуна 760 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы 121, аткарылганы 75 кайрылуу.
Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык администрациясы тарабынан Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 8-март аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, муниципалдык жерге мыйзамсыз жарнама конструкцияларын орнотууга жол бербөө жана алдын алуу максатында жүргүзүлгөн текшерүүдө 65 бирдик жарнама объектиси алынды.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
27.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |