Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институту менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн муниципалдык кызматкерлери үчүн “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аттуу окуу семинар өткөрдү.