Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекованын билдирүүсү боюнча, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү үчүн көпчүлүк мекеме-ишканалар компьютерлерине кыргыз шрифтин, “Тамга-КИТ” программасын орнотуп иштеп келе жатышат. Ошондой эле бөлүм тарабынан шаардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн компьютерлерине мамлекеттик тилдеги жаңы “Тамга-КИТ/2010” программасын киргизүү боюнча автордун - Эмил Асановдун катышуусу менен бир топ семинарлар өткөрүлүп, көптөгөн жетекчилер өз мекемелерин аталган программа менен камсыздандырышкан.
Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы 2012-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын аткарылышы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май районундагы түзүмдүк бөлүмчөлөрүндө, саламаттык сактоо мекемелеринде, муниципалдык аймактык башкармалыктарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүсү жөнүндө маселени өзүнүн кезектеги коллегиясында карады.
Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн 2012-жылдын март айында “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аттуу тажрыйбалык окууларды өткөрдү.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
08.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |