Бишкек шаарынын мэриясынын жана Ч.Айтматов атындагы улуттук Орус драм театрынын колдоосу менен “Российская Газета” гезити совет элинин 1941-45-жылдардагы Улуу Ат- Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган “Баарына бир жеңиш” аттуу сүрөт көргөзмөсүн өткөрөт.
Көргөзмө 22-апрель күнү саат 11:00до Ч.Айтматов атындагы Улуттук Орус драм театрынын имаратында башталмакчы.
Көргөзмөнүн башында аскер жана жеңиш тематикасы боюнча “Российская Газета” гезитинин мыкты фотожурналисттеринин 60 сүрөтү көрсөтүлөт. Көргөзмөгө кирүү акысыз. Ошондуктан ар бир кыргызстандык Улуу-Ата Мекендик согушта курман болгон ар бир баатырды эскерүү, согуш ардагерлерин куттуктоо менен бул көргөзмөгө келип катыша алат.
Аталган сүрөткөргөзмө 11-майга чейин уланып, көргөзмөнүн аягында “Российская Газета” салтка айланып калгандай борбордогу жалпы билим берүү мектептеринин бирине өз сүрөттөрүн белекке бермекчи.
Эскерте кетсек , иш -чара Россиянын өкмөттүк басмасы тарабынан төрт жыл сайын өткөрүлүп келген. Сүрөткөргөзмө буга чейин Бишкекте жана Ошто эки ирет өткөрүлгөн. 2015- маараке жылында 27-апрелден 11-майга чейин тоолуу Нарын аймагында да көргөзүлөт.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |