Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскарбек Алиев райондун мектеп директорлору, ата-энелер комитетинин мүчөлөрү жана мектеп парламенттери менен жолугушту.
Райондун башчысы жолугушуунун катышуучуларына санитардык тазалоо жана шаардык аймакты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып, жалпы шаардык ишембиликке жигердүү катышууга жана коомдук жерлерде эрежелерди сактоого чакырды.
Аталган жолугушууда ИИБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысынын укук бузууларды жана мектеп рэкетин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча отчету берилди.
Инспекция башчысы өз сөзүндө мектеп парламентинин мүчөлөрүнө мектептин коомдук ишине жигердүү катышууга, мектеп рэкети тууралуу фактылар болсо ачыкка чыгарып жана мектеп администрациясы, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору менен биргеликте чечүүгө үндөп кайрылды.
Ал эми, мектеп директорлоруна мектептеги коопсуздукту камсыздоо иштерин күчөтүүнү тапшырып, райондогу жалпы билим берүү уюмдарына видеобайкоо системаларын орнотууга көмөк көрсөтөөрүн айтты.
Жолугушуунун аягында окуучулар өздөрүн кызыктырган мектеп формасы, мектептердеги оӊдоо иштери, материалдык-техникалык базаны чыӊдоо маселелери тууралуу суроолорун берип, толук кандуу жоопторду алышты.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |