Калаада жалпы ишембилик өткөрүлүп, 65 уюм жана мекемеден 3 миңден ашык адам катышты.
Эффективдүү иштөө үчүн 5 бирдик атайы техника тартылды. Тазалоо иштери төрт райондун аймактарында өткөрүлдү.
Ишембиликтин катышуучулары калаанын сейил бактарын, ошондой эле, имараттардын аймагына тиешелүү жерлерди тазалады.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын мындай иш-чараларды колдооруна ишенет жана жакынкы аралыкта калаа көрккө келет.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |