Ибраимов көчөсүн Чүй проспектисинин чыгыш тарабынан Жибек-Жолу көчөсүнө чейин кайра куруу иштери башталды.
Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабы Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат.
Аталган жер бөлүгүндө жер иштери жүргүзүлүп, жаӊы асфальт менен жаптырылат. Айрым жерлерде жолдун өтмөк бөлүгү кеӊейтилип, бордюрлар, арыктар жана тротуарлар орнотулат.
Чүй проспектисинен Жибек Жолу көчөсүнө чейин Ибраимов көчөсүнүн кайра куруу иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Иш планы боюнча белгиленген жер бөлүгүндөгү оӊдоо иштери үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин бүтүрүлөт.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |