Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти жеке турак-жай куруу тармагында мыйзам бузуучуларга жылдын башынан бери 305 эскертүү берилген, алардын аткарылган – 209.
Үстүбүздөгү жылдын март айында 144 эскертүүнүн 52 протокол аткарылбагандыгы үчүн сотко жиберилди. 29 мыйзамсыз объектилер түрттүрүлдү. 115 жеке турак-үй колдонууга киргизилди. Курулуш-монтаж иштерине 11 уруксат берилди. Ошондой эле, Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын имаратында шаар тургундарын кабыл алуу жүргүзүлүп, март айында 60 тургун кабыл алынды.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |