Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов 4-кичирайондун тургундары менен жолукту.
Жолугушуу райондун №17 орто мектебинин жыйын залында өткөрүлдү.
Жолугушууга район башчысынан тышкары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, №17 мектептин директору Наталья Щербакова жана райондук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Жашоочулар башаламан соодага, жарнама баннерлерине, мыйзамсыз орнотулган павильондорго, калаанын тышкы көрүнүшүн бузган соода түйүндөрүнө нааразычылыктарын билдиришти.
Район башчысы жакынкы аралыкта башаламан иштелип жаткан соода менен күрөшөрүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында аймактык тескөөчүлөрдүн иштерине байланыштуу маселелер, жолдорду оңдоо жана ирригациялык тармактардын абалы талкууланды.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |