Калаанын А.С. Пушкин атындагы №17- окуу-тарбиялык комплексинде «Кыргыз мектептериндеги орус тил мугалими» конкурсу болуп өттү.
Конкурстун максаты кыргыз мектептеринде орус тил жана адабият сабактарынан берген таланттуу мугалимдерди колдоо жана Россия Федерациясы менен болгон маданий жана билим берүү тармактарын чыӊдоо болуп саналат.
Аталган конкурстун программасы 4 этаптан турду: дилбаян-эссе, тестирлөө, тажрыйба бөлүшүү, Улуу Ата-Мекендик согуш тууралуу көркөм ыр окуу.
Конкурстун жыйынтыгында төмөнкү жеӊүүчүлөр аныкталды:
1 орун - Гульназ Шамиева (№39-орто мектеп);
2 орун - Альбина Курманалиева (№ 91-орто мектеп);
3 орун - Динара Абдылдаева (№88-орто мектеп).
Жеӊүүчүлөр баалуу белектер (ноутбук, планшет, телефон) менен сыйланышты. Ошондой эле, конкурстун бардык катышуучуларына диплом жана орус тили боюнча дисктердин жыйнагы тапшырылды.
Аталган конкурс алтынчы жолу Кыргызстандагы Москва шаарынын Өкмөт Өкүлчүлүгү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлүшү.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |