Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейддинде Чүй проспектиси Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “ЕТОР” бут кийим дүкөнүнүн түштүк-батыш аймагы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталган.
Дүкөндүн кызматкерлери шаарды көрктөндүрүүдө санитардык нормаларды жана эрежелерди сактаган эмес.
Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлеринин текшерүүсүнүн жыйынтыгында “ЕТОР” бут кийим дүкөнүнүн ижарачысы Коч Якубдун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |