Свердлов райондук администрациясынын жыйын залында социалдык маанидеги жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча көп тармактуу ведомство аралык координациялык комиссиясынын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Жыйындын максаты социалдык маанидеги ооруларды алдын алууга жана жоюуга багытталган иш-чараларды өткөрүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ведомство аралык өз ара аракеттешүүнү күчөтүү болуп саналат.
Жыйындын иш тартиби боюнча маалыматты СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун директору Искендер Шаяхметов, Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун бөлүм жетекчиси Элмира Жакыпова, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Бурул Асыкбаева, саламаттыкты сактоо боюнча координатор Дамира Чарабаева беришти.
Аталган жыйынга Свердлов райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Василий Красильников, жергиликтүү аймактык башкаруунун башчылары, айрым конуштардын кварталдык комитеттери, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, билим берүү уюмдарынын директорлорунун орун басарлары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, Республикалык ИИБ өкүлдөрү, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана коомдук бирикмелер катышты.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
06.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |