Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейддинде “Адур” кичи-базарынын аймагы антисанитардык абалга жеткендиги аныкталды.
Кургак тиричилик таштандылары башаламан чогултулуп, шаарды көрктөндүрүүдө эрежелер жана санитардык нормалар сакталган эмес.
Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлеринин текшерүүсүнүн жыйынтыгында аталган базардын директору Б.Шаменовдун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
06.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |