Кезектеги рейддин жүрүшүндө Жибек-Жолу проспектиси, №403 дарегинде жайгашкан “Гоин” ЖЧКсы курулуш таштандыларын башаламан чолултуу фактысы аныкталды.
Аталган аймак таштанды жайына айланып, арыктар таштандыга толгон. Ошондой эле, шаарды көрктөндүрүудө санитардык нормалар сакталбай, көрктөндүрүү эрежелери бузулган.
Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлеринин текшерүүсүнүн жыйынтыгында “Гоин” ЖЧКсынын башкы директору Ч.Сыдыковдун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилие жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
06.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |