Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри “Мурас” тарыхый жана маданий фонду жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте апрель окуясынын беш жылдыгына арналган тарых мугалимдери үчүн методикалык окуу китебин иштеп чыкты. “7-апрель: Кыргызстандын кайра жаралуусу башталган күн” аттуу окуу китеби класстык саатты өткөрүүдө колдонулат.
№66 Окуу тарбиялык комплексинин жана №4 мектеп гимназиясынын базасында калаанын мектептеринин тарых мугалимдеринин катышуусунда жолугушуулар жана конференциялар өткөрүлдү. Конференциянын жүрүшүндө аталган методикалык окуу китебинин бет ачары болуп өттү.
6-7-апрелде №68, 89, 38, 69, 67, 58, 62 мектептеринин базасында ЖОЖдордун профессорлору жана тарых мугалимдери тарабынан апрель революциясынын 5 жылдыгына арналган класстык сааттар өткөрүлдү.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |