Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясы райондун саламаттыкты сактоо мекемелери менен биргеликте 6-апрелден 11-апрелге чейин жаңы конуш тургундарына медициналык текшерүү жүргүзүүдө.
Медициналык текшерүүдөн «Каинды», «Эне-Сай», «Келечек», «Бакай-Ата», «Ак-Тилек», «Дордой», «Ак-Жар», «Ак-Бата» конуштарынын тургундары жана “Дордой” жана “Аламедин” базарларынын кызматкерлери өтө алышат.
Аны менен бирге райондук администрация аталган конуш тургундарына жана соода-базарларынын кызматкерлерине биометрикалык каттоодон өтүү шартын түзүп берди.
Акысыз медициналык текшерүүнү өткөрүү үчүн медициналык топтор уюштурулуп, төмөнкү адистер чакырылган: терапевт, педиатр, кардиолог, акушер-гинеколог, невропатолог, хирург, лор, УЗИ дарыгери жана лаборант.
Аталган акция социалдык маанидеги жана өтө коркунучтуу оорууларды алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, иш-чара калктын саламаттыгын коргоо боюнча иш планына ылайык өткөрүлүп, Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан бекитилди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |