Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору тарабынан күн сайын шаардын санитардык абалын жакшыртуу, шаардын аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Кезектеги рейддин жүрүшүндө Ж.Пудовкин көчөсү, №75 дарегинде жайгашкан Улуттук онкология борборунда оңдоо иштеринен кийин имарат ансанитардык абалга жеткен, ошондой эле, курулуш материалдары жана курулуш таштандылары башаламан ташталгандыгы аныкталган.
Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлеринин текшерүүсүнүн жыйынтыгында “Отделочник” ЖИ иш башкаруучусу А.П.Дайненконун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |