Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов спортчуларды Кыргыз спортунун 90 жылдыгы менен куттуктады.
Район башчысы 60 тан ашык Октябрь районунун спорттук коомдоштуктун өкүлдөрүн чакырып, Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү жана мааракеси менен куттуктады. Моралдык жана материалдык колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт боюнча олимпиадалык резерв мектептеринин директорлоруна, менеджерлерге, машыктыруучуларга, райондун дене тарбия мугалимдерине ыраазычылык билдирип, кыргыз спортунун өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн белектерди тапшырды.
Куттуктоо сөзүндө район башчысы 1925-жылы Кара-Кыргыз областынын дене тарбия жогорку кеңеши түзүлүп, биринчи жолу жыйын өткөрүлгөнүн, андан бери кыргыз спортун Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова Сатымкул Жуманазаров, Николай Чернецкий, Елена Баранова жана Талант Дуйшебаев өлкөбүздүн атынан желегибизди желбиретип, дүйнөлүк тарыхка киргенин белгиледи.
Октябрь райондук администрациясынын башчысы Олимпиадалык, Азиялык оюндардын катышуучуларына жана дүйнөлүк чемпиондорго ыраазычылык билдирип, кыргыз спортунун өнүгүшүнө тилектеш экенин баса белгиледи.
Кезегинде Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров район башчысына жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |